Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталган. Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 5, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы болгон.
Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 90 чарчы метр келген курулуш чарбасы толугу менен, 1
тонна көмүр жана 2 куб отун күйгөн. Себеби такталууда. Үйдүн ээси, 1960-жылы
туулган Зулхумар Наврузова 1-2-даражадагы эки колунан күйүк алып,
ооруканага кайрылгандан баш тарткан.