Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Будёновка айылында (Панфилов көчөсү-33) турак үйдүн бөлмөсүндө 1 чарчы метр жыгач пол күйгөн. Өрт болгон жерден үй
ээси, 1962-жылы туулган
Свирко Сергей Ивановичтин жана дагы бир белгисиз эркек адамдын түтүнгө ууланган жансыз денелери табылган. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өрттүн келип чыгуу себеби тамеки тартуудагы этиятсыздыкка байланыштуу. Азыркы тапта өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза иштеп жатат.