Испаниялык футболчу Фернандо Торрес өзү тарбияланган “Атлетико” клубунун курамына кошулду

Испаниялык футболчу, италиялык “Миландын” курамында ойноп келген Фернандо Торрес испаниялык “Атлетиконун” курамына кошулду. Ижара иретинде испаниялык клубга өткөн футболчу 1,5 жылдык келишимге кол койду. Эске салсак, жарым жыл мурун Торрес “Челсинин” курамынан “Миланга” өтүп, 2 жылга толук кандуу келишим түзгөн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, футболчу 5-январдан тарта клубдун курамында машыга баштайт. “Атлетиконун” курамында 2001-жылдан тарта 2007-жылга чейин ойногон Торрес 2007-жылы англиялык “Ливерпулдун” курамына кошулган. Ал футбол боюнча 2 ирет Европанын (2008, 2012), 1 ирет Дүйнөнүн чемпиону аталган. Ошондой эле “Челсинин” курамында УЕФАнын Чемпиондор Лигасын жана Евролиганы уткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kgman92
2014-12-31 17:57:00
Ийгилик каалайм
0
torres9
2014-12-31 23:51:27
Удачи
0
Umar01
2015-01-01 01:33:43
Торрес супер!!!!!!
0
uefamif
2015-01-01 17:16:27
Торрес супер!!!!!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан