Шанхайда Жаңы жыл майрамындагы тыгында 35 адам каза болуп, жаракат алгандардын саны 48ге жетти

Шанхайда Жаңы жыл майрамындагы тыгында 35 адам каза болуп, жаракат алгандардын саны 48ге жетти. Бул тууралуу 1-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окуя кечээ жергиликтүү убакыт менен саат 23:35 чамасында орун алган. Тыгын болгон жерде каза болгон жана жабыркагандардын басымдуу бөлүгү майрамды белгилөө үчүн келген 20 жаштагы жарандар. Алардын арасында колледжде окугандар да бар. 

Адам өмүрүн алган окуядан кийин полиция кызматкерлери чогулган калың элди токтотуп, "Тез жардам" унаасын өткөрүүгө, жаракат алгандарды тыгындан алып чыгууга аракет кылышкан. Жабыркагандардын баары №1-элдик госпиталга жеткирилип, жардам көрсөтүлгөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, тыгын болгонго чейин белгисиз адам 18-кабаттуу үйдүн чатырынан жасалма долларларды ыргыткан. Бул элдин тез үйүлүшүнө, тыгындын жаралышына себеп болгон. 

Азыркы тапта полиция кызматкерлери жогорудагы версияны карап, изилдешүүдө. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин жогорудагы кырсык боюнча тийиштүү мекемелерге иликтөө тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Dadasdasd
2015-01-01 11:36:24
Оюндан от чыгат. ДОЛЛОР десе жан талашты да.
0
kg.sity93
2015-01-01 11:53:00
Доллар ыргытса чын эле доллар экен деп чуркашты да баары. Акча учун не гана болбой э.Адам омурун алыптыр.
0
kutkeldisulu
2015-01-01 12:34:13
жаткан жерлери жайлуу болсун.
0
paren
2015-01-01 15:29:38
Жаны жылга акча берет окшойт деп чуркаштыда
+1
Shah
2015-01-01 20:48:41
paren, )))))))
0
suiuktuujar
2015-01-01 16:49:06
Акча адамды не койго салбайт.
+1
rus.sayk
2015-01-02 00:06:56
Эми ошо акча чачкан кишини ит аткандай атып салса керек кытайлар.
0
iliaz-91-91
2015-01-02 02:59:40
Оной эмесда 35 адам коз жумган болосо аларды атайн эле олтурушконго коп акча алып алышкан окшойт да
0
orun
2015-01-02 21:06:36
кытайда адам саны 35 ке азайыптырда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан