Жарандык
коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, 2014-жылдын
31-декабрынан саат 08:30дан 2015-жылдын 1-январында саат 08:30га чейин республиканын аймагында 38 өрт кырсыгы катталып,
аларды өчүрүүгө 44 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Маалыматка караганда, Кара-Балта шаарындагы Садовая кыска
көчөсүндөгү үйлөрдүн бириндеги бөлмөдө сыналгы, терезе, эшик күйгөн. Үй ээси 1958-жылы туулган Талант Жунушбаевдин күйгөн сөөгү
табылган. Өрт тиричилик электр шаймандарын пайдаланууда коопсуздук
эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.