Бишкекте 3-январдан 11-январга чейин жеткинчектер арасында эл аралык шахмат боюнча "Greenwich Chess Cup-2015" турнири өтөт. Иш-чаранын максаты - шахмат оюндарын өнүктүрүү жана пропагандалоо, эл аралык байланыштарды бекемдөө, балдардын кышкы эс алуусун уюштуруу.
Шахмат оюндары "Greenwich Pub`да" орун алат. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан, чет өлкөлөрдөн балдар катышат. Жеңүүчүлөр медаль, диплом, баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Жеңүүчү команда экинчи жолу өткөрүлүп жаткан эл аралык шахмат оюндарынын кубогуна ээ болот.