Англиялык “Ливерпуль” футболдук клубунун капитаны Стивен Жеррард ушул сезондун соңунда клубдан кете турганын жар салды. 17 сезон катары менен аталган клубда ойноп келген футболчу мындай чечимди кабыл алуу оңой болбогонун айтат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, С.Жеррард күчүн башка клубда сынап көрүү үчүн клуб менен келишимди узартуудан баш тартты. “Бул менин жашоомдогу эң татаал чечим болду. Азыркы күндөн тарта сезондун акыркы оюнуна чейин, акыркы ирет топ тепкенге чейин клуб үчүн бүт аракетимди жумшайм”,- дейт футболчу.