Спорт-2014: Олимпиада, Азия оюндары, Мундиаль жана Көчмөндөр оюндары коштогон жылдын жыйынтыгы

2014-жыл спорт жылы болду десек болот. “Сочи-2014” Олимпиадасы менен башталган жыл Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу, Кыргызстандагы Көчмөндөр оюндары менен уланып, Инчхондогу Азия оюндары менен аяктады. 2015-жылы мындай көп мелдеш болбойт. Ошентсе да бул жылы спортчуларыбыз "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алуу аракетин көрүшөт. Жыл жыйынтыгын чыгарып, өткөн жылы катталган урунттуу окуяларга кыргыз алфавитинин ирети боюнча токтолуп өттүк.  

- Аа –

Алтын топ” байгеси. Португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2013-жылдын мыкты футболчусу катары “Алтын топко” ээ болду. Сыйлык үчүн жарышта ал аргентиналык Лионель Месси менен франциялык Франк Риберини ашып түштү. Ференц Пушкаштын атын алып жүргөн “Эң кооз гол” сыйлыгы швециялык Златан Ибрагимовичке, “Мыкты машыктыруучу” наамы “Бавариянын” башкы машыктыруучусу Юпп Хайнкеске тийди. Пеле болсо футболго кошкон салымы үчүн “Алтын топ” менен сыйланды.  

* АФКнын Кубогу. “Алай" футбол клубу АФКнын Кубогунда тайпада 6 оюн өткөрүп, 1 гана упай алды. Бул тайпада ирактык “Арбил”, бахрейндик “Риффа” жана иорданиялык “Шабаб аль-Ордон” клубдары бар эле.

* Азия чемпиондугу. Балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш тагынып калды. Ал 59 килограмм салмакта финалда кытайлык спортчуга каршы турган.  

Александр Крестинин. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп орусиялык адис Александр Крестинин дайындалды.

- Бб –

Бахадыр Кочкаров рекорд койду. Кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров Дүйнө чемпиондуктарында тейлеген беттештеринин санын 9га жеткирип, өзбекстандык калыс Равшан Ирматов менен биргеликте жаңы рекорд койду.   

- Вв –

Вавринка алп теннисчилерди утуп алды. Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 мелдештин бири теннис боюнча Австралиянын Ачык биринчилигинде швейцариялык Станислас Вавринка чейрек финалда сербиялык Новак Жоковичти, финалда испаниялык Рафаэль Надалды утуп алды.

- Гг –

Гус Хиддинк. Дүйнө чемпиондугунда 3-орунду ээлеген Голландия курамасынын машыктыруучусу Луи ван Гаал англиялык “Манчестер Юнайтедди” машыктыра баштады. Ал эми Голландия курамасын белгилүү адис Гус Хиддинк колго алды.   

- Дд –

Дордой” 3 кубок утту. Бишкектик клуб башта Суперкубокту, анан Көз карандысыздык Кубогун утуп алды. Жыл соңунда “дордойчулар” бул сыйлыктардын катарына ТОП-Лиганын чемпиондук наамын кошуп алышты. Ошондой эле клуб Алмазбек Мирзалиев, Шерзод Шакиров (экөө тең “Алай”), Кайрат Жыргалбек уулу, Марат Ажиниязов (“Абдыш-Атадан”) сындуу футболчулар менен толукталды.

- Ее –

Евгений Тимофеев. “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында Кыргызстандын атынан барган Дмитрий Трелевский жаракат алып, аны Е.Тимофеев алмаштырды.

* Европанын мыкты футболчусу”. УЕФАнын тандоосу боюнча бул сыйлык Португалиянын жана мадриддик “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналдуга тийди.

- Жж –

Жеррард менен Лэмпард улуттук курам менен коштошту. Бразилияда өткөн Дүйнө чемпиондугунан кийин Англиянын капитаны Стивен Жеррард менен вице-капитан Фрэнк Лэмпард улуттук курама командада мындан ары ойнобой тургандарын жар салышты.  

- Зз –

Зеедорф машыктыруучулукту баштады. Белгилүү футболчу Кларенс Зеедорф жыл башында “Милан” клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Көп өтпөй ал бул кызматта Филиппо Индзаги менен алмаштырылды.

- Ии –

Инчхон-2014” Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар жалпысынан 6 медаль утушту (2 күмүш, 4 коло). Евгений Ваккер менен Магомед Мусаев күмүш, Жанарбек Кенжеев, Айсулуу Тыныбекова, Эламан Догдурбек уулу жана Турат Осмонов коло медалдарды багынтышты.

- Йй –

Йозеф Блаттер Бишкекке келди. ФИФАнын президенти Й.Блаттер расмий сапарында “Гол-3” долбоорунун негизинде курулган футболдук майдандын ачылыш аземине катышты. Ал ФИФА кыргыз футболун көтөрүүгө салым кошорун айтты.

- Кк –

Көчмөндөр оюндары болуп өттү. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн оюндарда командалык эсепте Кыргызстан 55 медаль алуу менен 1-орунду ээледи (16 алтын, 20 күмүш, 19 коло). 2-орунду 28 медаль менен (10 алтын, 9 күмүш, 9 коло) Казакстан, үчүнчүнү Түркмөнстан 6 медаль менен (3 алтын, 3 коло) ээледи.

* Кыргызстандык футболчулар Кытай менен Казакстан курамасына утулушту. Кытай менен алгачкы жолдоштук беттеште 4:0 эсеби катталса, кийинкисинде эсеп 2:0 болду. Ошондой эле Кыргызстан курамасы Казакстанга 7:1 эсебинде утулду.

* Клубдар аралык Дүйнө чемпиондугу. Мароккодо өткөн клубдар аралык Дүйнө чемпиондугун испаниялык “Реал” утуп алды.

- Лл –

Луис Суарес 4 айга футболдон айдалды. Дүйнө чемпиондугу өтүп жаткан маалда Италиянын коргоочусу Жоржо Кьелинини тиштеп алгандыгы үчүн уругвайлык футболчу Луис Суарес 4 ай футбол ойноо, стадионго келүү укугунан ажыратылды.  

* Лицензия алган клубдардын саны 7ге жетти. Кыргызстанда “Дордой” (Бишкек), “Абдыш-Ата” (Кант), “Алга” (Бишкек), “Алай” (Ош), “Ала-Тоо” (Нарын), “Нефтичи” (Кочкор-Ата), “ФЦ” (Бишкек) сыяктуу футболдук клубдар 2015-жылкы өлкө чемпиондугуна катышуу укугун расмий түрдө алышты.  

- Мм –

Мейвезер кезектеги беттешин утту. Америкалык мушкер, WBC версиясы боюнча Дүйнө чемпиону Флойд Мейвезер WBA версиясы боюнча Дүйнө чемпиону, аргентиналык Маркос Майдананы утуп, карьерасындагы 46-жеңишине жетишти.    

- Нн –

Нойер - “Алтын топко” талапкер. ФИФАнын версиясы боюнча 2014-жылдын мыкты футболчусуна ыйгарылуучу “Алтын топ” байгесине талапкер үчтүк аныкталды. Бул тизмеге Криштиану Роналду, Лионель Месси менен катар Германия курамасынын дарбазачысы Мануэль Нойер кирди.

- Оо –

* Олимпиадага даярдоо борборунун карызы 21 миллион сомго жетти. Бул кырдаалга байланыштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору аталган борбордун директору Назирдин Акылбековду ээлеген кызматынан бошотуп, ордуна Үсөнкан Майназаровду дайындады.  

- Өө –

Өмүрбек Малабеков да Украинага жөнөйт. “Украинские атаманы” жарым профессионалдык клубу Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясына катышуу үчүн кыргызстандык мушкерлер Азат Усеналиев менен Өмүрбек Малабековду курамына кошуп алды.   

- Пп –

* Пакьяо реванш алды. Филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяо америкалык Тимоти Брэдли менен экинчи ирет беттешип, WBO версиясы боюнча чемпиондук наамын кайтарып алды. 12 раунддун жыйынтыгында 3 калыс жеңишти Мэнниге ыйгарды.

* Плющенко ийгиликке жеткен жок. Жаракатынан улам “Сочи-2014” Олимпиадасында орусиялык муз үстүндөгү бийчи Евгений Плющенко жекеликте байге алган жок. Ал бул Олимпиадада болгону командалык эсепте алтын тагынды.  

- Рр –

Руслан Сыдыков карьерасын жыйынтыктады. Кыргызстан курамасынын жана “Дордойдун” мурунку лидери Руслан Сыдыков 40 жашка чыгып, профессионалдык карьерасын расмий түрдө жыйынтыктады. Эми ал машыктыруучулукту аркалайт.  

* Руслан Абасов өлтүрүлдү. Белгилүү кикбокс чебери Руслан Абасовдун унаасы Токмок шаарында жарылып, спортчу ооруканага жетип каза болду. 

* Руслан Түмөнбаев кызматка шайланды. Грек-рим күрөшү боюнча “Бээжин-2008” Олимпиадасында 3-орунду ээлеген Руслан Түмөнбаев Олимпиадага даярдоо борборунун директорунун орун басары болуп дайындалды.   

- Сс –

*“Сочи-2014” Олимпиадасы. 214 миллиардга жакын рубль сарпталган мелдеште командалык эсепте Орусия 13 алтын, 11 күмүш, 9 коло медаль менен 1-орунду алды.

* Сергей Дворянков кызматтан кетти. Футбол боюнча АФКнын Чакырык Кубогунда ийгиликсиз оюн көрсөткөн соң Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков ээлеген кызматынан бошотулду.

- Тт –

* “Талас” командасы көк бөрү боюнча Нооруз майрамына карата уюшулган мелдешти, Улуу Жеңиштин урматына арналган мелдешти жана президенттин кубогуна арналган мелдешти утуп алды.

* Таиландда өткөн кумда ойнолуучу Азия оюндарында Кыргызстан курамасы 6 медаль алды (3 күмүш, 3 коло).

- Уу –

* УЕФАнын Евролигасын испаниялык “Севилья” клубу утуп алды. Финалда испаниялыктар португалиялык “Бенфиканы” оюндан кийинки пенальтилер сериясында 4:2 эсебинде утту (оюндун негизги убактысы 0:0 эсебинде аяктаган).

* Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунда чыр. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы аталган борбордо Көчмөндөр оюндарын уюштуруу боюнча чоң чыр болуп, директор Алмаз Касенов кызматтан алынды. Анын ордуна Доорбай Миңбаев дайындалды.  

- Үү –

Үргүлөгөн Медведев. Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев “Сочи-2014” Олимпиадасынын ачылышында уктап калып, коомчулуктун талкуусуна кабылды. Ошондой эле бул күнү Олимпиаданын 5 шакекчесинин бири ачылбай калган.  

- Фф –

* ФИФАнын рейтинги. 1 жыл ичинде 9 оюн ойногон (анын 7си расмий оюндар) Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФАнын рейтингинде 2014-жылы 6 орун артка кетти. Январда курама команда 146-орунду ээлесе, жыл соңунда (декабрда) 152-орунду ээледи. Буга Кыргызстан 9 оюндун биринде гана жеңишке жетишип, 2 беттеште тең чыкканы себеп болгон. Калган 6 оюнда команда жеңилген.

- Хх –

* Хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогунун финалында Кыргызстан акыркы мүнөттөрдө Макао курама командасына уттуруп жиберди. Жыйынтыгында Азия биринчилигине катышуу мүмкүнчүлүгү колдон чыгарылды.

- Цц –

* Царев Азия чемпиондугун утту. Астана шаарында жыйынтыкталган Азия чемпиондугунда 66 килограмм салмакта Руслан Царев грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль тагынды.  

- Чч –

Чакырык Кубогу. Футбол боюнча Кыргызстан курамасы АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычында тайпада 3 оюн өткөрдү. Анын экөөндө утулуп, бирөөндө утуу менен мелдештин кийинки баскычына чыга алган жок.

* Чемпиондор Лигасы. УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалында мадриддик клубдар “Атлетико” менен “Реал” кез келип, “Реал” 4:1 эсебинде утту. Клуб өз тарыхында 10-ирет аталган мелдешти багындырды.

- Шш –

* Шумахер. Лыжа тээп жүрүп жыгылып, башынан жаракат алган Михаэль Шумахер 1 жыл ичинде бутка туруп, басып кете алган жок. Анын бир жак капталы иштебей жана үнүнөн айрылып калышы мүмкүн экени дагы да айтылууда.

- Ыы –

Ысык-Көлдө бильярддын "кураштырма пирамида" түрү боюнча 18 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиондугу өтүп, кыргызстандык Дастан Лепшаков чемпион аталды. Ошондой эле 18 жаштан жогорку курактагылар арасындагы Дүйнө биринчилигинде украиналык Евгений Новосад жеңип чыкты. 

- Ээ-

* Эйсебио деген ат менен дүйнөгө белгилүү болгон португалиялык легендарлуу футболчу 71 жаш курагында дүйнө салды. 

* “Эр таймаш ММА” түрүнөн 75 килограмм салмакта Дүйнөнүн жаңы чемпиону аныкталды. Америкалык Шах Бобонисти 1 мүнөт ичинде утуп, кыргызстандык Актилек Жумабек уулу чемпиондукту тартып алды. 

- Юю –

Юрий Жоркаефф. Футбол боюнча Легенда Кубогун "Алга" клубу утту. “Алга” менен кочкор-аталык “Нефтичинин” ортосундагы оюнга Франциянын курамында 1998-жылы Дүйнө чемпиондугун, 2000-жылы Европа чемпиондугун уткан белгилүү футболчу Юрий Жоркаефф конок катары чакырылган. 

- Яя –

Япониядан келген профессионал сумочулар Корю Тадахару жана Моконами Сакаэнин кыргыз жаштарын өз өнөрлөрү менен тааныштырышты. Ошондой эле сумо боюнча чакан мелдеш уюштурулду. Расмий түрдө биринчи жолу өтүп жаткан биринчиликтин жыйынтыгында сумо боюнча Кыргызстандын туңгуч чемпиондору аныкталышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kama_future_millioner
2015-01-05 11:16:46
2014 оор жыл болгон экен мамлекетибизге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан