Кыргызстандык оор атлетчи Катарда өтүп жаткан Азия биринчилигинде алтын медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Аскат Анардин уулу оор атлетика боюнча Катарда өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия биринчилигинде алтын медаль тагынды. Спортчу бул ийгиликти 69 килограмм салмактык бөлүктө багындырды. Бул тууралуу КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов кабарлады. 

Маалыматка ылайык, бул Катардагы Азия биринчилигиндеги экинчи медаль. Аскатка чейин Кыргызстандын эсебине алгачкы медалды Кадырбек Айтбеков (50 килограмм салмакта коло тагынган) алып келген эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sungjinsystem
2015-01-05 09:31:21
Азаматтар! ! ! Кыргыздын желегин желбирете бергиле ....
+6
suiuktuujar
2015-01-05 09:43:01
Баракелде Аскат.
+1
mister
2015-01-05 10:24:15
Азаматсынар кыргызымдын жигиттери...
Ар дайым биринчиликти багындырып журо бергиле...
+3
kama_future_millioner
2015-01-05 11:06:30
Куттуктайбыз, азаматсың ийгилик дагы да болсо
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан