Мелис Турганбаев Ош аэропортунан 5,6 миллион доллар тоногон каракчыларды издөөнү өз көзөмөлүнө алды

Ички иштер министри Мелис Турганбаев Ош аэропортунан 5,6 миллион доллар тоногон каракчыларды издөөнү өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына бүгүн, 5-январда билдирди. Ал эми ишти иликтөөнү ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк бөлүмү алып барууда.

Бир апта мурун маалымдалгандай, Ош аэропортунан 5,6 миллион доллар менен кошо уурдалган жаран табылып, суракка алынган. Аны уурдагандар Араван районунун аймагына таштап кетишкен. Ал ата мекендик компаниялардын биринин Руслан аттуу кызматкери болуп чыккан.

Айта кетсек, 27-декабрда бет кап кийген, куралчан беш адам Ош аэропортунун VIP-залына кирип, акча салынган үч-төрт баштыкты жана бир адамды өздөрү менен кошо уурдап кетишкен. Алардын колдорунда Калашников автоматы, Макаров тапанчасы жана видеокамералар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nuru95kg
2015-01-05 10:59:27
Астахфираллах!
+1
Nurmuhammad
2015-01-05 11:02:53
Табылбайт! Табылса да жым жырт бойдон калат.
-1
priora1982
2015-01-05 11:37:00
Табылат бирок акча табылбайт
0
etaj_rus79
2015-01-05 11:38:07
ошко консон аэропорт кызматчылары мурдун которуп дердендешет андан коро акча турган жакты жакшылап карашпайбы бишкектин аэропорту менен учсан сылык мамиле жасашат ошолордон уйронсун
+1
Oi_pikir
2015-01-05 12:06:01
Эмиби? Окуя болгондон бери канча күн өттү? Турганбаев Жаңы жыл тосуп сайрандагыча ал кылмышкерлер Америкага жетти да?
+4
tolkun85
2015-01-05 13:32:29
табылбай калдыго.
+1
kiyalbek.82
2015-01-05 13:45:30
Президент оз козомолуно алган Кадыралиевтин ишин коруп жатабызго, булар козомолуно алып койо берет аягына чыкпайт!!!
-1
Ali-Sher
2015-01-06 04:09:47
Бул жагы кино болуп кетиптирго))
Акча табылбаса керекго,жинди адам уурулук кыла албайт, уурулукту акылдуу адам кылат. Алар жетер жерине жетип бутушту уже.

0
nurkasym-2014
2015-01-06 10:33:17
Кылмыш болгондон кийин козомолго алабы.Кылмышты болтурбоо учун булар мурунтан козомолго алуу керек болчу.Бул иштин бети ачылбайт.Керек болсо бул иште куч органдарында иштегендердин катыштыгы болушу мумкун.Ошон учун кылмыш кылдаттык менен жазалган.
0
Aidar.001
2015-01-06 23:28:46
Араван жакка карап кеткен болсо озбекстанга кирип кеткен алар бир болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан