Өлкө аймагында 4-январдан 6-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан кардын жаашына байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек - Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек - Талас унаа жолунун 198-210-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолдор тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу айдоочулардан унаалардын ортосундагы 500 метр аралыктын так сакталышын талап кылат.