Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 5-январдагы маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Сузак районуна караштуу Жерге-Тал айылында темир жабылган аянты 130 чарчы метр турак үй толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 36 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 2 эшик, 2 терезе, 3 тонна чөп күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.