Бишкек шаарында жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө. Окуя 2014-жылдын 27-декабрдан 28-декабрга караган түнү саат 03:00 чамасында болгон. Жолдон өтүүгө даярданып турган 32 жаштагы Бакыт Төлөгөновду "Аламүдүн" базарынын жанынан күмүш түстүү Мазда Демио үлгүсүндөгү унаасы менен сүзгөн айдоочу качып кеткен.
Катуу соккудан бир нече метрге учуп барып кулаган жөө жүрүүчү окуя болгон жерден жан берген. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда SUPER.KG порталына маркумдун жездеси Искендер Бектуров билдирди.
“Ал каргашалуу түнү бала ыйлап, каза болуп калган кайним Бакыт үйүнүн жанындагы дүкөнгө чыккан. Аны катуу ылдамдыкта келаткан Мазда Демио үлгүсүндөгү унаа сүзүп, айдоочу токтобостон окуя болгон жерден качып кеткен. Муну далилдеген видео да бар. Оор жаракаттардан улам Бакыт ошол замат каза болуп калган экен. Биз муну эртең мененки саат 06:00 чамасында уктук. Учурда анын артында 5 жаштагы баласы, аялы жана апасы калды. Эгер бул окуя тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо, бул кылмыштын бетин ачууга сиздерден жардам сурайм”,- дейт маркумдун жездеси И.Бектуров.
Ошондой эле бул окуя тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, Бишкек ШИИББи, КРнын ИИМи жана Свердлов РИИБине төмөнкү номурлар аркылуу кайрылыңыздар: (0770) 00-17-17, (0701) 30-00-07.