Бишкек шаарында конокко келген мас абалдагы жездеси эки балдызын бычак менен сайган. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 4-январда борбордогу ооруканалардын бирине эки айым түшкөн. Иликтөө иштеринин алкагында, алардын үйүнө келген мас абалдагы жездеси уруш чыгарып, үйдөгүлөрдү ур-токмокко алып, бычак менен сайганы аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 55 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.