Катарда оор атлетика боюнча өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия биринчилигинде кыргызстандык спортчу
Урмат Сыргабаев 85 килограмм салмакта 2-орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда
SUPER.KG порталына КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти
Улан Молдодосов кабарлады.
Анын айтымында, 77 килограмм салмактык бөлүктө күч сынашкан Курсант Төлөнов 9-орунду ээлеп калды. Кошумчалай кетсек, мелдеш 7-январда аяктайт.