Каракол шаарында "71 жаштагы мергенчини өлтүргөн" деген шек менен Боз-Булуң айылынын 24 жана 19 жаштагы эки тургуну кармалды. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-январь күнү Каракол шаарындагы өз үйүнөн чет элдик туристтер үчүн мергенчилик уюштуруу менен алектенген 71 жаштагы Акжолтой Асановдун жансыз денеси табылган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, ал үбөлүк менен башка чабылып, 28-декабрь түнү өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүүлөр маркумдун үйүнө тоноо максатында кирип, акчасын жана видеокамера менен уюлдук телефонун уурдап кетишкен. Жалпысынан маркумдун үйүнөн 30 миң долларга жакын акча каражаты каракталган.
Белгилүү болгондой, кылмышка шектүүлөр уурдалган акчага BMW үлгүсүндөгү унаа сатып алууга үлгүрүшкөн. Кармалгандардан 4600 доллар акча жана башка уурдалган буюмдар алынган. Азыркы тапта кылмышка шектүүлөр күнөөлөрүн моюндарына алышып, Каракол шаардык убактылуу кармоо жайына камакка алынышты. Бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.