Оштогу тоок фермада өрт чыгып, анын 630 куб метр чатыры күйүп кетти

Ош шаарындагы Кеңеш айылында жайгашкан тоок фермасында өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен тоок ферманын жыгач устундуу, темир менен жабылган, аянты 630 куб метр чатыры толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт кечээ, 5-январда саат 20:47 чамасында чыккан. Аны өчүрүүгө КРнын ӨКМнын адистештирилген өрт-куткаруу бөлүктөрүнөн 5 бөлүм тартылып, түнкү саат 00:44тө өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suiuktuujar
2015-01-06 12:01:55
Жаман болуптур.
0
uulay
2015-01-07 01:51:17
Ээх канча адам иштейт эле жаман болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан