"Манас" аба майданынан Сабиха (Түркия) – Бишкек аба каттамынын жүргүнчүлөрүн каттоо маалында башка жаранга тиешелүү болгон паспорт менен мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган аялга карата тиешелүү документтер толтурулуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.