19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө башкы прокурор Аида Салянованын тууганы Калый Саляновдун жана буга чейин ысымдары аталган жарандардын тиешеси жок экендиги аныкталды. Мындай билдирүүнү бүгүн, 6-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты.
“Бул кылмыштын бетин ачуу максатында бир катар иштер жүргүзүлдү. Учурда иликтөө иш-чаралары уланууда. Сот органдары тарабынан санкция берилген 500гө чукул уюлдук телефондордун абоненттери текшерилип, каза болгон кыздын интернеттеги социалдык түйүндөрдөгү баракчалары боюнча азыркыга чейинки текшерүүлөр жана аныктоолор жүрүүдө. Тергөө амалдарынын алкагында жүздөгөн адамдар суракка алынып, күбөлөр өз көрсөтмөлөрүн беришкен. Бирок бүгүнкү күндө конкреттүү түрдө аталган кылмышка тиешеси бар жарандар кармала элек. Тергөөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен иликтөөнүн жүрүшү боюнча толук маалыматтарды бере албайбыз” деп айтылат маалыматта.
Бул иш боюнча оперативдик издөө-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.
Эске салсак, Камила Дүйшөбаева 2014-жылдын 10-мартында Бишкек шаарындагы Достук кичи районундагы үйүнөн курбуларына жолугуу үчүн Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилиши тарапка жөнөп кеткен боюнча дайынсыз болгон. 16-март күнү анын жансыз денеси Байтик айылындагы мүрзөдөн алыс эмес жерден табылган.