Бразилия. Жуселино станциясында эки поезд сүзүшүп, 140ка жакын жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алды

Бразилиядагы Рио-де-Жанейро штатынын Мескита шаарынан алыс эмес аймакта жайгашкан Жуселино станциясында эки поезд сүзүштү. Анын кесепетинен 140ка жакын жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алып, 4 аймактык ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, аталган авария 5-январда кечке жуук болгон. Бразилиянын транспорт министри Карлос Роберто Осорионун берген маалыматына ылайык, учурда авариянын себебин иликтөө иш-чаралары жүрүүдө. Аталган жол кырсыгынын кесепетинен алгач 40, андан соң 60, кийинчерээк 140 адам ар түрдүү жаракат алгандыгы аныкталган. 

"Биринчи поезд жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө токтогон учурда артынан ошол эле багытта келген экинчи поезд сүзгөн. Анын ылдамдыгы анча катуу болбогондуктан, бактыга жараша, адам өмүрлөрү кыйылган жок",- деп билдирген маалымат каражаттарына Карлос Роберто Осорио. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан