Кыргызстандын жаштар курамасы жолдоштук беттеште Катардын жаштар курамасын утуп алды

“Шериктештик Кубогу-2015” мелдешине даярдыгынын жүрүшүндө Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Катардын Доха шаарында машыгуу сборун өткөрүп жатат. Машыгуу сборунун алкагында кечээ, 6-январда жаштар курамасы Катардын олимпиадалык курамасына каршы жолдоштук беттеш өткөрүп, 3:1 эсебинде утуп алды. Бир голду Мирбек Кудайбердиев жаратса, Фархад Мусабеков 2 голу менен айырмаланды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктардан негизги курамда Андрей Шикин, Тамирлан Козубаев, Мустафа Юсупов, Акрам Умаров, Санжар Шаршеев, Бахтияр Дүйшөбеков, Мирбек Акматалиев, Мирбек Кудайбердиев, Фархад Мусабеков, Абай Боколеев жана Ахлетдин Исраилов сыяктуу футболчулар ойношту.

Кошумчалай кетсек, Орусияда өтө турган “Шериктештик Кубогу-2015” мелдеши 16-январда старт алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zarlyk2211
2015-01-07 15:44:48
Азаматтар!!! Ийгилик!!!
+1
kama_future_millioner
2015-01-07 15:52:03
Булда болсо жетишкендик куттуктайбыз азаматсыңар
0
fanatkg
2015-01-07 17:28:24
ураа эн жакшы жанылык
0
nurkasym-2014
2015-01-10 09:20:10
Келечек жаштардын колунда.Эми ушул жаш команданы жакшы машыктырып,талыкпаган эмгек жумшаса ийгилик болоор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан