Челябинсктеги жол кырсыгынан Кыргызстандын жараны каза тапты

6-январда Челябинсктеги жол кырсыгынан 43 жаштагы Кыргызстандын жараны каза тапты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Челябинск – Москва унаа жолунун 327-чакырымында Хонда Фит унаасын айдап бара жаткан жаран рулду башкара албай калган. Ал жолдун каршы тилкесине чыгып кетип, дагы бир Хонда Фит менен кагылышып кеткен. Натыйжада 43 жаштагы жаран каза болуп, унаадагы 44 жаштагы жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zarlyk2211
2015-01-07 15:42:38
Жайы жаннатта болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан