Йемендеги теракттан 50дөй киши каза тапты

Йемендин борбору Сана шаарындагы Полиция колледжинин алдында унаа жарылып, 50дөй киши каза тапты. Буга чейин 15 адам мерт болуп, 40 адамдын жаракат алганы айтылган эле. Маалыматка караганда, имараттын алдында окуу жайга өтүү үчүн сынак тапшырып жаткандардын саны көп болгон. Бул тууралуу 7-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Буга чейин 5-январда аталган өлкөдөгү Дамар шаарында жардыруу болуп, 6 адам каза тапкан. Окуя боюнча жоопкерчиликти "Аль-Каида" алган. 

Йеменде 2011-жылы бийлик алмашкандан бери курч кырдаал орноп келет. Өлкөнүн түштүгүндө "Аль-Каиданын" согушчандары уюштурган теракттар токтобой келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
brend007
2015-01-07 19:17:57
Кудай сактай кор
0
KIPCHAK-KALMAK
2015-01-07 21:25:36
Алла озун озун сакта мусульмандарга ынтымак, ыйман,тынчтык, токтук бер оомин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан