Ошто каракчылык фактысына шектелгендер кармалышты

Ошто каракчылык фактысына шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 7-январда билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-январда саат 03:10 чамасында белгисиз 3 адам Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайдагы кызматкерди сабап, колундагы сумкасын алып из жашырган. Сумканын ичинде 10 миң сомго жакын акча бар болчу. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, ошол эле күнү кечинде кылмышка шектүү 3 жаран кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан