Жалал-Абад облусунда таксист аялды өлтүрүп, Өтмөк ашуусуна карга көмүп койгондор кармалышты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 8-январда билдиришти.
Маалыматка караганда, бул окуя 2014-жылдын 15-декабрында болгон. Анда эки жаш жигит таксист аял менен сүйлөшүп, 4500 сомго Бишкекке жеткирип коюусун суранышкан. Бирок алар жолдо арам оюн ишке ашырышып, айымды өлтүрүшкөн. Андан соң маркумдун алтын буюмдарын алып, унаасын айдап Бишкекке жол тартышкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 22 жана 23 жаштагы эки жигит кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.