Үстүбүздөгү жылдын 4-январь күнү Бишкектеги Кургак учукка каршы шаардык балдар ооруканасында дарыланып жаткан 4 жаштагы Галия Орозова жоголуп кеткен. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын бүгүн, 8-январда берген маалыматына караганда, учурда кызды Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери издеп жатышат, бирок натыйжа боло элек. Ал кыз тууралуу билгендер 0553 10-24-65, 0551 31-15-15 номурларына чалышса болот.