Канадалык жаш хоккейчилер 16-ирет Дүйнө чемпиондугун утуп алышты

Хоккей боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугун Канада курамасы утуп алды. Канадалыктар финалдык беттеште Орусияны 5:4 эсебинде утушту. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 39-ирет уюшулуп жаткан мелдеш 2014-жылдын 26-декабрында старт алып, 2015-жылы 5-январда аяктады. Алгач 5 шайбаны атаандаштын дарбазасына киргизип алган канадалыктар акыркы мөөнөттө дээрлик коргонууда ойноп, минималдуу эсеп артыкчылыгын оюн акырына чейин сактап калышты. Бул Канаданын мелдеш тарыхындагы 16-чемпиондугу болуп калды. Мелдеште коло медалды Словакия курамасы камсыздады.
Хоккей боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугу. Канада-Орусия
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
as.fanat
2015-01-08 11:48:53
"Канадалык жаш хоккейчилер 16-ирет Дүйнө чемпиондугун утуп алышты" - "ирет" эмес 2009 жылдан бери эми утту болуш керек*)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан