Кара-Суу районунда "48 жаштагы жаранды мыкаачылык менен өлтүргөн" деп шектелип аялы, уулу жана 2 кайниси кармалды

Кара-Суу районунун Сарай айылынын тургуну Гүлнара Дүйшеева 48 жаштагы күйөөсү Эгемберди Акаевдин 30-декабрдан бери дайынсыз болуп жатканы тууралуу арыз жазган. Иликтөө иштеринин алкагында дайынсыз болуп жаткан жаранды арыз жазган аялы, уулу жана 2 кайниси мыкаачылык менен өлтүрүп, көмүп коюшканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына КРнын Ош шаардык жана облустук ИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Ашырбаев билдирди. 

Маалыматка ылайык, 29-декабрь күнү саат 20:30 чамасында Эгемберди Акаев үйүнө келген. Уулу экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыгып, урушуп кетишет. Кийин үйүндөгү 2 кайниси жана уулу Эгемберди Акаевди ур-токмокко алышат. Уулу калак алып келип атасын башка чаап салат. Ал эс-учун жоготкондо аялы "биротоло өлтүрүп салгыла" деп буйрук берген. Муунтулуп өлтүрүлгөн Эгемберди Акаевди аялы, уулу жана 2 кайниси эгин талаасына алып барып көмүп коюшат. Ал эми анын унаасын алыскы айылдардын бирине айдап барып ташташкан. Изин жашыруу максатында 4-январь күнү Гүлнара Дүйшеева милицияга "күйөөм жоголду" деп арыз жазган. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында 6-январь күнү маркумдун жансыз денеси көмүлгөн жайдан чыгарылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

"Учурда адам өлтүрүү фактысы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары маркумдун 45 жаштагы жубайы Гүлнара Дүйшеева, 25 жаштагы уулу Жаныбек Акаев, 25 жаштагы кайниси Бектурсун Дүйшеев жана дагы бир 24 жаштагы Сүйүн Сулайман уулу аттуу кайниси кармалды. Учурда алар Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылып, бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө",- дейт Ж.Ашырбаев. 

Алдын ала маалыматтарга караганда, каза тапкан жаран көп ичип, акыркы учурда башка жакта батирде жашап келген. Каргашалуу окуя болгон күнү ал аялы жана уулу жашаган үйгө келип, үй талашып уруш чыгарган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
uulay
2015-01-08 12:08:37
Шумдугун кур! Эмне деген заман болуп баратат!
0
Sagidko88
2015-01-08 12:56:20
Ичкен адамды олтуруп салгын келет,айрыкча чатак салса. Бирок, это только на словах болот эле го, а булар мыкаачы го.
0
Kairatmyn
2015-01-08 13:34:37
Алладан коркпогон немелер экен. Жаман болсо да алкаш бомуш болсо да ээринин раазычылыгы жок жаннатка кирбейт деген. Ал эми ээри канчалык ичсе аркы дуйнодо жооп берет. Бирок жаман болсо да ал АТА. Окунучтуу иш болуптур Алла таалам ар бир пендесине ыйман жана сабыр берсин.
+3
aruuzat88
2015-01-08 14:31:10
Эх ар апта сайын ушундай кылмыштарды окуп журогун эзилет экен, кандай заманга туш болдук, Аллахымдан тынчтык эле тилеймин ар бир уй булого.
+1
kg.sity93
2015-01-08 16:53:09
Ужас кино экен.элестетсен.тообо.оз баласынын да атасына 1%да мээрим жок бекен.кудай мандайына жазыптыр да .
0
temirov76
2015-01-08 19:27:50
Атан чочко болсо да сут берип бак дечу эле а бул баласы биротоло олтуруп эле салыптырго
0
Aysuluuwa
2015-01-08 23:52:54
Оо жараткан өзүң ыйман бере көр!
0
Zamirbek_77
2015-01-09 03:12:34
мыкаачылар экен, баласы эми кантип омур сурот болду экен турмодода сурайтта оз атанды неге олтурдун деп, башы азаптан чыкпайтко бул баланын, алла жазасын берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан