Кечээ, 7-январь күнү Жети-Өгүз районунун Кызыл-Эшме аймагында мамлекеттик чек араны бузган Кытайдын үч жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, чек араны бузган жарандарда өздүгүн тактаган эч кандай документтер болгон эмес. Айтымдарында, алар Кытай Эл Республикасындагы Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу аймагынын тургундары. Ошондой эле аларды текшерүү учурунда 6 даана бычак, карта, акча, тамак-аш, дарылар табылган.