Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын оюнчулары Катардагы машыгуу сборунун алкагында Германиянын “Шальке-04” футболдук клубунун машыгуусуна күбө болушту. Учурда Германиянын Лигасы (Бундеслига) 1 айлык тыныгууда болгондуктан, “Шальке-04” да Катарда машыгуудан өтүүдө. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын 21 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн жаштар курама командасы “Шериктештик Кубогу-2015” мелдешине даярданууда. Курамда 24 футболчу бар.