Бишкекте жоголду делген 4 жаштагы Галия Орозова табылды

Бишкекте жоголду делген 4 жаштагы Галия Орозова табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 4-январь күнү Бишкектеги Кургак учукка каршы шаардык балдар ооруканасында дарыланып жаткан 4 жаштагы Галия Орозова жоголуп кеткен. Аны Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери издешип, "Аламүдүн" базары жактан табышкан. Кызды өз апасы алып кеткени айтылууда. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kg.sity93
2015-01-08 16:35:59
А жакшы аман эсен табылыптыр.Эми жоголбосун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан