Садыр Жапаровдун жарыкка чыккан “Саясатка аралашкан 10 жыл” аталыштагы китебинде баяндалган жана андан соң интернетте тараган бардык маалыматтарга Башкы прокуратура тарабынан тиешелүү юридикалык баа берилип, текшерүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Башкы прокуратура тараткан маалыматта айтылат.
“Кылмыш-жаза кодексинин 151-156-беренелерине ылайык, жарандардын арыздарында же башка билдирүүлөрүндө жасалган же жасоого даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндөгү маалыматтар текшерүүгө алынышы керек. Ал маалыматтар ырасталган же ырасталбай калган учурда маалыматтарда айыпталган же болбосо кылмыш жасагандыгы тууралуу атайылап жалган маалымат тараткан адамдарга карата кылмыш ишин козгоо тууралуу чечим кабыл алынат” деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, жакында эле ЖКнын экс-депутаты Садыр Жапаров “Саясатка аралашкан 10 жыл” аттуу китебин чыгарган. Ал китепте экс-депутат кыргыз саясатчылардын катыштыгы бар окуяларды жазган. Учурда ал китеп интернет булактарына тарап кеткен.