"2015-жылы "Дордой" футболдук клубу Кыргызстандын Кубогун, өлкө чемпиондугун жана Суперкубокту утууну, АФКнын Кубогунда тайпалык баскычта ойноону максат кылат. Ошондой эле АФКнын Чемпиондор Лигасына катышуу аракетин көрөбүз. Бул максаттарды колдобой турган же болбосо "буга клубдун күчү жетпейт" деген ойдогу футболчулар болсо, азыр айтканыңар оң! Анткени буга ишенбегендер ийгилик да алып келе алышпайт. Биз команда болгон соң, максатыбыз жана алган багытыбыз бир болуш керек",- деди бүгүн, 8-январда башкы машыктыруучу
Завиша Милославльевич 2015-жылга карата планды оюнчуларга айтып жатып.
Анын айтымында, "Дордой" АФКнын Кубогунун тандап алуу туруна даярдыгын ушул күндөн баштайт. Ошондой эле жакынкы аралыкта Түркияда машыгуу сборун өткөрүү, жолдоштук беттештерди өткөрүү пландары бар.