Кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров Австралияда өтүүчү Азия чемпиондугунда калыстык милдет аткарат

9-31-январь аралыгында Австралиянын 5 шаарында (Брисбен, Канберра, Мельбурн, Ньюкасл, Сидней) футбол боюнча Азия Кубогу өтөт. Мелдештин ачылыш аземинде үй ээси Австралия менен Кувейт курамасы ойнойт. Алгачкы оюнду тейлөө милдетин уюштуруучулар өзбекстандык футбол калыстары Равшан Ирматовго, каптал калыстары Абдухамидулло Расуловго жана кыргызстандык Бахадыр Кочкаровго тапшырышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 4 жыл мурун өткөн мелдеште Р.Ирматовдун жетегиндеги калыстар 4 беттеште калыс катары милдет алышып, Австралия менен Япониянын ортосунда болгон финалдык беттешти да тейлешкен (жыйынтыгында Япония 1:0 эсебинде утуп алган).

Кошумчалай кетсек, бул жолу Азиянын чемпиондугу үчүн 16 команда күч сынашууда. Алар төрт-төрттөн болуп 4 тайпага бөлүнүшкөн. Кыргызстан курама командасы бул мелдештин тандоо туруна катышып, АФКнын Чакырык Кубогунда утулуу менен мелдешке катышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышкан. 

“А” тайпасы

Австралия

Түштүк Корея

Оман

Кувейт

“В” тайпасы

Өзбекстан

Сауд Арабия

Кытай

Түндүк Корея

“С” тайпасы

Иран

БАЭ

Катар

Бахрейн

D” тайпасы

Япония

Иордания

Ирак

Палестина

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
demo009
2015-01-08 19:01:38
аа,эмне Кыргызстандыктар жокбу?
+1
crishti_7
2015-01-09 09:44:49
demo009, ушул жака чыгышка утулуп калган деп турат. Биздикилер кыйратпайт эч качан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан