WBC (Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңеши), WBA (Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясы) версиялары боюнча Дүйнө чемпиону, америкалык мушкер Флойд Мейвезер Bugatti үлгүсүндөгү 3 унаа сатып алды. Бул унаалар кардардын суранычы менен гана чыгарылгандыктан, унаа базарларынан мындай үлгүдөгү унааларды табуу дээрлик мүмкүн эмес. Ушуну менен Мейвезер 3 миллион долларга бааланган Bugatti Grand Sport Chassis 088 унаасынын АКШнын аймагындагы жалгыз кожоюну болуп калды. Ал эми Bugatti`нин Veyron Chassis 116 үлгүсү менен Veyron Chassis 101 үлгүсүнүн баасы 1,6 миллион долларга бааланып келет. Бул сатып алууга мушкер жалпысынан 6,2 миллион доллар короткон. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Кошумчалай кетсек, Флойд Мейвезер дүйнөдөгү эң бай спортчулардын катарын толуктайт. Профессионалдык рингде 47 беттештин баарын уткан мушкер акыркы жолу аргентиналык Маркос Майдананы утканы үчүн 32 миллион доллар пайда тапкан.