Бүгүн, 9-январда саат 01:40 чамасында Бишкекте эки унаа кагышып, айдоочу набыт болду. Бул тууралуу ИИМдин алдындагы Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.
Маалыматка караганда, 28 жаштагы Бахром аттуу жаран Мерседес-Бенц S600 унаасы менен Горький көчөсүндө батышты карай бара жаткан. Ал 37 жаштагы Тимур аттуу жаран айдап бараткан Сеат-Толедо үлгүсүндөгү унаа менен кагылышып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Сеат-Толедонун айдоочусу окуя болгон жерден көз жумган. Башка айдоочу ооруканага жеткирилди. Жол кырсыгы боюнча документтер Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.