Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Жайыл
районуна караштуу Кара-Балта шаарындагы Шопоков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Талас облусундагы Покровка айылындагы үйлөрдүн биринин короосунан 1
куб отун, 300 килограмм жыгач таарындысы күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки тартуудагы
этиятсыздык себеп болгон.