Ысык-Ата районунда “жашы жете элек кызды зордуктаган” деп шектелип эки бала кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 9-январда билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Кант шаарынын 64 жаштагы жашоочусу кайрылган. Анда ал 16 жаштагы небересин чала тааныш Нурсултан жана Аскар аттуу балдар зордуктаганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, 21 жаштагы С.Аскар жана 20 жаштагы З.Нурсултан кармалган. Учурда “зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.