Сокулук районунда элдин тынчын алган жаран жергиликтүү жашоочулар тарабынан сабалып, ооруканадан каза тапты

Сокулук районунда элдин тынчын алган жаран жергиликтүү жашоочулар тарабынан сабалып, ооруканадан каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 8-январь күнү милиция кызматкерлерине Сокулук райондук ооруканасынан кайрылышкан. Анда 1971-жылы туулган тургундун жараатынан улам каза тапканы айтылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 6 жаран кармалган. Алардын айтымдарында, каза тапкан жаран ар кимге зордук-зомбулук көрсөтүп, элдин тынчын алчу. Ошондой эле 1972-жылы туулган жаранга да сексуалдык зомбулук көрсөткөн. Мындан улам жергиликтүү жашоочулар аны сабап, эсине келтирип коюуну максат кылышкан.

Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
chomly88
2015-01-09 20:22:07
эн эле туура кылыптыр, азыр бизде мыйзам иштебейт. Эгер аны зордуктоо боюча сотко бергенде ал акча менен кутулуп жазасын алмак эмес. Буга чейин канча фактылар катталып эле келе жатат зордук зомбулук боюнча,ошондо биз комментарий жазчубуз "таш баранга алыш керек эле"деп,мына ошол таш баранды элдер жасашыптыр.
+1
maksnarin
2015-01-09 22:01:42
Туура кылышыптыр!зоокурлорго ит олуму жарашат!
0
Mir82
2015-01-09 23:10:28
Кудай сактасын эмне деген эле заман болуп жатат
0
Manasemetei
2015-01-10 03:58:57
tuura kylywyptyr,menda biroonu ukkam owentip korugondu tonop ozunun aiylynan. kimdin aialy suluu bolso any baryp zordop jur4u eken,el ozu taw baran kylyp olturgon eken deit 4yndygynda bilbeim.jon ele imiw balkim 4yn bolgondur je uwul azyrky adamdyr
0
elish87
2015-01-10 04:36:48
Калгандарга сабак болсун мыйзам иштебесе эл мыйзамы менен токтотсо болот буну улгу катары кобуроок талкууга алыш керек
0
tynara1983
2015-01-10 08:58:26
Эн туура кылышкан мыйзамга карап журо беришсе, кудай билет бул эки бутту айван канчалаган кыздардын тагдырына балта чапмак!!! Эми сот туура чечим чыгарып жанакы алты адамды эркиндике чыгарсын!!!
0
myrza80
2015-01-10 16:05:27
Алар да олтуройлу деген ой эмес эсине салып койолу дешиптир,бирок кокустук экен олуп калыптыр саяк журсон таяк жейсин дейт,бир жагынан туура эле кылышкан.
0
taku0214
2015-01-11 00:49:27
Зоокурлор жон журбосо акыры ушундай болот.
0
Aikoo2014
2015-01-11 11:58:27
Эсине келтирип коёлу дегендериго туура эле, бирок олтуруп алгандары жаман болуптурда.
0
maksnarin
2015-01-11 21:17:24
Манасеметей укканын имиш эмей эле чындык,Таласта болгон окуя,гезиттерге бут чыккан,коп жыл мурун.
0
murat88
2015-01-11 23:28:19
эркек экенсинер туугандар
0
Arlenchik
2015-01-11 23:34:14
Туура кылышкан милициялар чара корбогон сон элдер оздору жазалаштыда
0
Aysuluuwa
2015-01-11 23:34:54
Кудай ай
0
Lenin
2015-01-12 01:43:19
Эч кандай да туура эмес. Олтургучокту сабагыдай. Таш боор болуп баратабыз. Адам олуп жатса кол чаап.Туура кылышкан деп. Ал дагы бироонун баласы, тууганы, балким да атасы.
+1
admin_superstan
2015-01-12 13:51:51
saulet2009, gulmaray, chonko.samat7, Bakulya79, провокацияга жол жок! Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү. Азырынча баарыңарга оозеки эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан