Тогуз-Торо районунун акимине козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү

Тогуз-Торо районунун акимине козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылы Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Тогуз-Торо районунун акимине карата кылмыш иши козголгон. Анда аталган райондун акими Т.И. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жаңгак токойлорун кыюу боюнча айыпталып жатат. 

Белгилүү болгондой, ал Жалал-Абадда жаңгак токойлорун кыюуга тыюу салынганына карабастан, Үч-Чат аймагындагы дарактарды кыйып, курулуш баштоого мыйзамсыз уруксат берген. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 109 339 сомдук зыян келтирилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Patron
2015-01-10 10:24:33
Акимге кылмыш иши ачылса деле ордунда иштеп жатат.Закон боюнча жумуш ордун тергоо иши буткучо бошотуш керек эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан