Сокулук районунда азык-түлүк саткан дүкөндүн сатуучусу каракчылардын огунан каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-январда билдирди.
Маалыматка караганда, 8-январь күнү саат 23:50 чамасында Военно-Антоновкадагы азык-түлүк саткан дүкөнгө куралчан белгисиз үч адам кирип, алар сатуучудан кассадагы акчаны берүүнү талап кылышкан. Сатуучу каршылык көрсөткөн учурда каракчылар аны ичке атышкан. Андан соң дароо изин жашырып, качып кетишкен. Ал эми сатуучу ооруканага жеткирилип, эсине келе албай каза тапкан. Учурда “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөрдү кармоо аракеттери жүрүүдө.