КРнын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянковдун командасы Бахрейнде өткөн достук мелдеште аталган өлкөнүн “Аль-Раффа” командасына 2:4 эсебинде жеңилип калды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлады. Айта кетсек, бул достук мелдеши 13-февралга чейин Бахрейн жана Кувейт өлкөлөрүндө өтмөкчү. Анын негизги максаты кыргыз спортчуларын чет өлкөлүк спортчулар менен тажрыйба алмаштыруу экенин билдирди федерация.