Кытайда маңзат менен кармалган
Жеки Чандын уулу 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 9-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Пекин шаардык прокуратурасы 32 жаштагы Жейси Чанга "баңгизатты мыйзамсыз сактап, уюк уюштурган" деп айып тагып, кылмыш ишин декабрь айында сотко жөнөткөн. Бир жарым саатка созулган соттук процессте ал 6 айга эркинен ажыратылып, дагы 320 доллар айып пул салынды.
Жейси Чан өткөн жылы сентябрь айында досу, тайвандык актёр Кэ Чженьдун менен колго түшүрүлгөн. Текшерүүдө экөөнүн тең баңги колдонгону аныкталган. Ал эми Жейси Чандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, 100 грамм марихуана табылган.
Кытайда баңгизаты менен күрөшкөн коомдук активист катары саналган актёр интернеттеги социалдык тармак аркылуу уулунун кармалганы боюнча элден кечирим сураган.