Исфана шаарында 44 жаштагы жаранды уурдап, ал үчүн 250 миң рубль алгандардын бири кармалды

Исфана шаарында 44 жаштагы жаранды уурдап, ал үчүн 250 миң рубль алгандардын бири кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-январда билдирди.

Маалыматка караганда, окуя өткөн жылдын 6-августунда болгон. Анда белгисиз 3-4 бала 1971-жылы туулган П.М. аттуу жаранды күч колдонуп унаага салышып, Жалал-Абад шаарына алып барышкан. Аны бошотуу үчүн инисинен 250 миң рубль акча талап кылышкан. Талап кылынган акча берилген соң, аны коё беришкен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргөн. Анын натыйжасында кылмышка шектүүлөрдүн бири, 1984-жылы туулган Караев Ысманали кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Topcubai
2015-01-09 18:14:07
Ой тооба кылдым!Исфанада жашап,уккан эмес экенмин!Тооба кылдым дагы бир жолу
0
arisim
2015-01-09 18:15:13
Аааа кудай сактааа ушул кылмышкерлерге катту чара корбосонор,Адам урдоо кылмышыда кобойуп кетет,Адам уурдап мынанча акча таап бер деп турушса иии кудай сактасын,кандай замандар болуп атат,журоктун ушугун алган.
0
kg.sity93
2015-01-09 18:42:03
Кинодо ушинтет го.уурдап кетип акча талап кылат.Ошо кинолордун таасири мына..зордук зомбулук да.ушул интернеттин айынан..каалаган маалыматын алышат уйронушот.
+1
zzz---zzz
2015-01-09 18:47:53
Баткенде үй ээсин, келинин жана небересинин колу-бутун таңып, 4000 сом акча, алтын буюмдарын алып кеткендер кармалышты. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкар-нан бүгүн, 9-январда билдиришти. Маалыматка караганда, окуя өткөн жылдын 27-ноябрында Чоңгара айылында болгон. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, и-ө башталган. Анын натыйжасында 1984-жылы туулган Караев Ысманали, 1992-жылы туулган Абдиллаев Жамал, 1992-жылы туулган Орозов Арапбай, 1992-жылы Шерматов Субанкул, 1990-жылы ушулар эмесп
0
Shako-1
2015-01-09 18:53:39
Bul kim boldu eken a M.P
0
danyshman
2015-01-11 06:59:11
Баткенде үй ээсин, келинин жана небересинин колу-бутун таңып, 4000 сом акча, алтын буюмдарын алып кеткендер кармалышты,бул кылмыш иште да Караев Ысманалы журот го.Демек коп кылмыш иштерге катыштыгы бар экен да.
0
Aikoo2014
2015-01-11 12:21:29
danyshman,
Ооба ошол баланын ысмы журот, мындан келди августта сот ал баланы камаган эмес экенда!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан