Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бишкекте 2, Чүйдө 4, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 3, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталса, Ош шаарында 1 кырсык катталган.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айылында жыгач устундуу, шифер жабылган, 80 чарчы метр, 2 кабаттуу сарайдын чатыры, 150 түк чөп, 500 боо пахтанын сабактары күйгөн. Себеби такталууда.