УЕФАнын (Европанын футбол ассоциацияларынын кеңеши) версиясы боюнча күйөрмандардын добушунун негизинде 2014-жылдын символикалык курама командасы түзүлдү. Бул тууралуу аталган футболдук уюмдун басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, тизмеге португалиялык футболчу Криштиану Роналду өз карьерасында 9-ирет кире алды. 8,6 миллион добуш берүүнүн ичинен күйөрмандар символикалык курам үчүн 4 коргоочу, 3 жарым коргоочу жана 3 чабуулчу менен ойноо ылайыктуу экенин белгилешкен.
Курам төмөнкүчө:
Дарбазачы: Мануэль Нойер (Германия, “Бавария”).
Коргоочулар: Серхио Рамос (Испания, “Реал”), Филипп Лам (Германия, “Бавария”), Давид Алаба (Австрия, “Бавария”), Диего Годин (Уругвай, “Атлетико”).
Жарым коргоочулар: Арьен Роббен (Голландия, “Бавария”), Анхель Ди Мария (Аргентина, “Манчестер Юнайтед”), Тони Кроос (Германия, “Реал”).
Чабуулчулар: Криштиану Роналду (Португалия, “Реал”), Лионель Месси (Аргентина, “Барселона”), Златан Ибрагимович (Швеция, ПСЖ).