Бишкекте тоноо фактысына шектелип 3 жаран кармалды

Бишкекте тоноо фактысына шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Бишкек ШИИББинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкектин 24 жаштагы тургуну кайрылган. Ал Горький-Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде ага күч колдонуу жолу менен 3 адам “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонду тартып алганын айткан. Ыкчам аракеттердин жыйынтыгында кылмышка шектүү делинип 24 жаштагы 2 жаран жана 23 жаштагы 1 жаран колго түшүрүлгөн. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан