Бишкекте 7 кылмыштуу топ милиция тарабынан кармалды. Колго түшүрүлгөн 36 адамдын катарында Сириядан Кыргызстанга кайтып келгендер да бар. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов кабарлады.
Маалыматка ылайык, алар колунда бар адамдарды тоноп жүрүшкөн. Чогулган каражатка Бишкек жана Ош шаарларында теракт уюштурууну пландап жатышкан. Белгиленгендей, аталган 7 топ эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрү болгон. Бул боюнча 47 кылмыш иши козголуп, учурда каралып жатат.