Кечээ, 9-январда Австралияда футбол боюнча Азия чемпиондугу старт алды. Мелдештин ачылыш аземинен кийин “А” тайпасында үй ээси Австралия менен Кувейт курамасы ойноп, австралиялыктар 4:1 эсебинде жеңишке жетишти. Ошондой эле Түштүк Корея курамасы Оманды 1:0 эсебинде утту. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бул Азия чемпиондугуна 16 команда катышууда. Алар төрт-төрттөн болуп 4 тайпага бөлүнүшкөн. Кыргызстандыктар тандоо турунда эле утулуп, мелдештин финалдык баскычына чыгуу укугунан айрылышкан.
Кошумчалай кетсек, алгачкы беттешти өзбекстандык футбол калыстары Равшан Ирматов, Абдухамидулло Расулов жана кыргызстандык Бахадыр Кочкаров тейледи.