21 жашка чейинки курактагылардан түзүлгөн Кыргызстан жаштар курама командасы Катарда машыгуу сборун улантууда. “Шериктештик Кубогу-2015” мелдешине даярданып жаткан курамдын машыгуулары план боюнча жүрүп жатканын КРнын Футбол федерациясы бүгүн, 10-январда кабарлады.
Маалым болгондой, курамдагы 24 футболчунун ичинен жеңил жаракат алган Кудайберген Эшимов менен Бекжан Сагынбаев өзүнчө жеңил машыгуу өткөрүштү.